Токтогул районунун Ат-Корум айылында сарайда өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 11-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат бүгүн саат 10:57де келип түшкөн.
"Кырсык болгон жерге алгач бир өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлүп, кийин саат 11:18де дагы бир бөлүм чакыртылган. Саат 15:30да өрт толук өчүрүлгөн. Азыркы тапта тилсиз жоонун келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгым эсептелүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.