Ноокатта "өлүү ымыркай төрөгөн 15 жашар кыз менен жыныстык катнашка барган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
"Шектүү катары кыздын айылдашы, 17 жаштагы бала кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Алар 18 жашка чыга элек болгондуктан Ноокат райондук прокуратурасы ишти өз көзөмөлүнө алган. Учурда шектүү делген жаран райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 7-декабрь күнү "Ноокатта 15 жашар окуучу кыз ай-күнүнө жетпей өлүү ымыркай төрөдү" деген аталыштагы маалымат тараган.