ӨКМ: "Ошто май алмаштыруучу жайда чыккан өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылды"

Ошто май алмаштыруучу жайда чыккан өрттү өчүрүү үчүн 6 бригада иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 21:05те алдын ала алынган маалымат боюнча Раззаков көчөсүнүн №3-дарегинде жолдун боюнда май алмаштыруучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө саат 21:05те ӨКМнын Ош шаардык №13-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм барып, кийин дагы 5 бөлүм чакыртылган. Учурда тилсиз жоону өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.

Айта кетсек, буга чейин Ош шаарында автоунаалардын майын алмаштыруучу жай өрттөнүп жатканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирген болчу.

Ошто май алмаштыруучу жайда өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Beks0207
2017-12-11 22:49:27
Семетей кинотеатрда кино коруп отурсам катуу ун чыкты еле корсо ошол екенда жакын еле кинотеатрга
-2
Tyty1990
2017-12-11 23:59:46
Beks0207, окоптон чыктын
-1
ilgizk
2017-12-11 22:58:49
ГРАДИЕН деген май алмаштыруу жер окшойт
-1
Omuur94
2017-12-11 23:46:52
Авария-кырсык бутуп, эми орт-пожар башталды окшойт ((
-1
Aznazalai
2017-12-11 23:56:06
Кырсык да(((ошондой болсо да Аллахым сактанганды сактайм дейт.орт коопсуздугун сактаган бекен
0
Eksvp_1
2017-12-12 00:02:20
Ээси ким экен өзбөкпү же кыргызбы?
-1
rejepova
2017-12-12 04:27:08
Eksvp_1,качан койосунар ушунтип болунгонду, ар ким оз ырыскысын аман эсен таап жесин, боодо кырсыктан сактасын!
0
nazira...
2017-12-12 08:35:33
Деги адамдар аман-эсен бекен. Май алмаштыруучу жай "АЗС" эмеспи. Кудай сактасын баарын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан