2017-жылдын 11-декабрында саат 13:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 38-чакырымындагы “Рахат” кафесинин жанындагы көлмөгө Тойота Авенсис үлгүсүндөгү мамлекеттик автоунаа жолдон чыгып сууга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 4 адам кырсык болгон жерден каза болгон.
"Каза болгондордун аты-жөнү такталды. Унаанын ичинде 1942-жылы туулган Ш.Т. (Кочкор районунун тургуну), 1969-жылы туулган Ш.М. (Бишкек шаарынын тургуну), 1973-жылы туулган К.Р. (Бишкек шаарынын тургуну) жана 1997-жылы туулган М.у.К. (Бишкек шаарынын тургуну) болгон", - деп билдиришти ӨКМдан.