ӨКМ: "Ош шаарындагы май алмаштыруучу жайда чыккан өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдар такталууда"

Ош шаарындагы май алмаштыруучу жайда чыккан өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Манас-Ата кичи районундагы Раззаков көчөсүнүн №19А дарегинде жайгашкан “Градиент” май алмаштыруучу жайында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 21:05те келип түшкөн.

"Өрт кырсыгы катталган жерге жалпысынан 6 бөлүм жана 1 автоунаа шатысы тартылып, өрт саат 23:12де чектөөгө алынган, ал эми саат 01:18де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыр тарткандар жок. Тилсиз жоонун жалпы аянты 684 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tailgate
2017-12-12 22:33:57
Буйруса жакында кыргызстандагы атактуу байлардан болот экенсиз С..... ака! САБР КЫЛЫНЫЗ!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан