Укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгып жеңүүчүлөр сыйланышты

Кечээ, 11-декабрда Юстиция министрлиги тарабынан уюшулган "Кыргыз жериндеги укуктук маданият" жана "Адвокаттын мыкты блогу" деген сынактардын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз жериндеги укуктук маданият" сынагы журналист жана студенттер арасында жүрүп, 1-орунга "Өзүңдүн милдеттериңди аткар" деген анимациялык фильми менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Бексултан Жумашаев ээ болгон. 2-орунга "Өзүбүздөн баштайлы" деген анимациялык тасмасы менен эл аралык "Ала-Тоо" университетинин студенти Айгерим Чекирова ээ болсо, 3-орун "Мен Конституция боюнча жашайм" деген атайын репортажы үчүн журналист Салабат Эркитай кызына буюрган.

Ал эми "Адвокаттын мыкты блогу" боюнча 1-орунга Алай районунун ыктыярчы адвокаты Мухаммед Нурмамат уулу, 2-орунга кара-кулжалык Самара Балтабаева татыса, 3-орунга Алай районундагы адвокаттык борбордун кызматкери Айнура Ибраимжанова ээ болгон.

Бардык жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан