Кыргыз суучул Елизавета Рогожникова сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште 3 алтын медаль жеңип алды

Орусиянын Казань шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча 4 жолку Олимпиаданын чемпиону Александр Поповдун урматына арналган эл аралык мелдеште Кыргыз суучулу Елизавета Рогожникова 400 метр аралыктагы жарышта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Орусия, Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан жана Германиядан келген 500дөн ашуун спортчу катышып байгелүү орундар үчүн күч сынашты. Кыргыз спортчу Елизавета Рогожникова эркин стилинде 400 метр аралыктагы жарышта 4 мүнөт 33,12 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 1-орунду ээледи. Андан кийин 200 метр аралыктагы жарышта 2 мүнөт 26,22 секунд жыйынтыгы менен күмүш медалдын ээси болду.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз курама командасы жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Жалпы мелдеште Кыргыз суучулу Елизавета Рогожникова 4 медаль тагынды. Анын ичинен үчөө алтын (эркин стилинде 100, 200 жана 400 метр аралыктагы жарышта) жана бирөө күмүш (комплекстүү стилинде 200 метр аралыктагы жарышта) медалдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ZhanMM
2017-12-12 11:35:28
Азаматсын!!!
+2
RusMos76
2017-12-12 11:39:17
Молодец!
+2
travm
2017-12-12 12:52:27
Азаматсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан