Москвада Кыргыз жараны зордукталды. Бул тууралуу Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.
"Кыргыз жараны Москвага акча табуу үчүн келген. Ал интернет аркылуу батир тазалоо боюнча жумуш караштырып жатып биринчи кардарын табат. Биринчи эркек киши батирин тазалоо үчүн кызга билдирүү жиберип дарегин берген. Анда барган кыз батирди жыйнаштырып бүтүп акысын сураган. Кыздын эмгек акысын берүүнүн ордуна шектүү аны зордуктап салган", - деп жазылат маалыматтарда.
Ошол эле күнү жабыркаган кыз полицияга арыз менен кайрылган. Көп узабай укук коргоо органдары тарабынан зордуктоого шектелген жаран колго түшкөн. Кармалган адам кыздын мекендеши экени такталып, ал 25 жаштагы Кыргыз жараны экени белгилүү болгон. Учурда кармалган адам СИЗОдо кылмыш иши козголуп, соттун чечимин күтүүдө.