Бүгүн, 12-декабрда "Манас" кинотеатрында "Кыргыз өлкөсү - кыска метраждуу тасмалардын мекени" аталышындагы VI эл аралык КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн кинофестивалы өтүп жатат. Кыш мезгилинин салтына айланган бул жылкы кинофестиваль жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып анын туулган күнүнө белгиленген. Фестиваль алгач катышуучулардын кызыл килем аркылуу өтүшүнөн башталды.
Кинофестивалдын негизги максаты болуп КМШ, Грузия жана Балтия өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий карым-катнашты чыңдоо жана кино жаатында тажрыйба алмашуу болуп саналат. Ошондой эле фестивалдын дагы бир максаты болуп бул иш-чаранын жардамы менен кыска метраждуу тасмалардын актуалдуулугун көргөзүү экенин фестивалдын директору Фархат Бекманбетов айтып өттү.
"Фестивалдын бирден-бир максаты болуп бул кыска метраждуу тасмаларды элге жайылтуу жана кинематографиянын бул түрүнүн жаңы ыкмалары менен автордун көз карашын чагылдырып берүү болуп саналат", - деп билдирди уюштуруучу.
Кинофестиваль 12-15-декабрь аралыгында өтөт. Быйыл фестивалга жалпы эл аралык жана ата мекендик 250 катышуучу билдирме жиберишкен.
Фестиваль өзүнө эки сынактык программаны камтыйт: биринчиси эл аралык, экинчиси улуттук. Эл аралык программада 14 тасма тандалып алынса, улуттук программада 15 тасма катышат. Аларда даректүү, анимациялык жана эксперименталдык жанрдагы тасмалар бар.
Мындан тышкары, кинофестивалдын алкагында орусиялык сүрөтчү-мультипликатор Дмитрий Геллер мастер-класс өтсө, казак режиссёру Канат Торебай казак кыска метраждуу тасмаларын тартуулайт.
Фестивалдын жыйынтыгы 15-декабрда чыгып эл аралык калыстар тобу "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстар тобунун сыйлыгы", "Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма" номинацияларында сыйлыктарды тапшырат.
Маалымат үчүн: Кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалы 2010-жылы Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген, ал алгач ирет 2011-жылы өткөрүлгөн.