Бишкекте күйөөсүн бычактап өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Бишкекте күйөөсүн бычактап өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-декабрь күнү Арча-Бешик конушундагы турак үйлөрдүн биринде болгон. Анда күйөөсү менен аялынын ортосунда уруш чыгып, аялы 1974-жылы туулган М.С. аттуу күйөөсүн бычак менен сайып салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам көз жумган.

Учурда кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эскерте кетсек, 8-декабрда өздүк булактар аталган даректе адам өлүмү катталгандыгын SUPER.KG'ге билдирген. Милиция кызматынан аталган кылмышка шектүү кармала электиги кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sely
2017-12-12 12:36:07
Оо Аллах журогубузго ыйман элибизге ар бир уй булого тынчтык амандык бере кор
+4
nurhan2702
2017-12-12 17:40:51
Кудай сактай кор, эмне деген заман болуп баратат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан