Бүгүн эртең менен Бишкекке жакын жерде жер титиреди

Бишкекке жакын жерде жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 06:57 чамасында катталган. Анын күчү 3 баллга жетип, очогу Кашка-Суу айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Арчалы айылынан 8 чакырым түштүк-батышта, Таш-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк-батышта, Бишкек шаарынан 22 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Калктуу пункттарда жер силкинүүнүн очогу 2 баллга чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан