Бишкек шаарында 5-12-декабрь аралыгында өткөн тогуз коргоол боюнча жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдештин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына тогуз коргоол федерациясынан билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн, Казакстандан жана Түркиядан 120 спортчу байгелүү орундар үчүн күч сынашты. Беттештер эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп жеңүүчүлөр аныкталды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:
1-орун: Анарбек Жамакеев (Кыргыз өлкөсү);
2-орун: Азамат Кайдаров (Казакстан);
3-орун: Жанат Каймулдин (Казакстан).
Кыз-келиндер арасында:
1-орун: Ансаган Кожанесип (Казакстан);
2-орун: Татьяна Егорова (Казакстан);
3-орун: Жаңыл Сагынбекова (Кыргыз өлкөсү).