Дубайда Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.
Маалыматка ылайык, "Кентавр" тасмасы Дубайда өткөн 14-эл аралык кинофестивалда "Дүйнөлүк кино" программасынын алкагында көрсөтүлгөн.
"Бул кинофестивалда "Кентавр" тасмасы эки ирет көрсөтүлдү. Алгач аны Актан Арым Кубат режиссёр катары алып чыкса, андан соң тасманын немец продюсери Танассис Каратанос алып чыкты. Иш-чарага Араб өлкөсүндөгү Кыргыз өлкөсүнүн элчиси Чыңгыз Эшимбеков жана ошол жакта жашаган Кыргыз жарандары дагы катышты", - деп билдирди Койчуманова.
Кинофестивалга 62 мамлекеттен 4000ге жакын катышуучу келген. Сынакта жана сынактан тышкаркы программаларда жалпысынан 120 тасма катышкан.
Кинофестиваль 2010-жылдан бери улуттар жана маданият аралык байланышты бекемдөө максатында шейх Мохаммеда бин Рашид Аль Мактум жана Араб өлкөсүнүн вице-президенти, премьер-министри жана Дубай шаарынын мэринин колдоосунда уюштурулуп келет.