Орусияда Федералдык коопсуздук кызматынын чек арачылар институтунда окуган Кыргыз жараны асынып алганын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 10-декабрь күнү болгон. Анда Кургандагы институтта 4-курста окуган 21 жаштагы Кыргыз жараны асынып алган. Анын мындай жолго барышына эмне себеп болгону такталууда.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Чек арачылар институтунда окуган курсанттын өлүмү боюнча маалыматты тактоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине тапшырма берилди" деп билдиришти.