Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы Самара Каримова жана жолдошу Асан Мансуров уулдары 6 жаштагы Барсбек менен 3 жаштагы Алихандын сүннөт тоюн өткөрүүдө. Жубайлардын балдарына ак батасын берүү үчүн алыскы-жакынкы туугандары, сахналаштары, достору жана белгилүү саясатчылар болуп, жалпысынан 600гө жакын адам келген.
Алгач жолдошу жана балдары менен бирге жетелешип, "Бала бакыт" ырын аткарып эл алдына чыккан ырчы буларга токтолду.
"Чынын айтсам өзүмдүн концерттеримде да мынчалык толкунданган эмес элем. Азыр уулдарыма келген элдин баталары тийип, атасындай мыкты инсандардын катарын толуктаса экен деп ниет кылуудамын. Тойдун өзгөчөлүгү бизге берилген баалуу белектерди өзүбүз албастан, кайра эле келген конокторго, оюндарга активдүү катышкандарга ыйгарабыз. Алардын арасында Түркияга жана Дубайга жолдомо бар", - деди ал.
Ошондой эле чакырылган коноктордун көпчүлүгү Бишкек шаарында турушкандыктан тойду Ошто эмес, борбордо өткөрүүнү чечишкенин кошумчалады.