Маданият өкүлдөрү автордук укукту коргоо боюнча талкуу жүргүзүштү

Бүгүн, 12-декабрда Кыргызпатенттин демилгеси менен Гүлнур Сатылганова, Гүлшайыр Садыбакасова, Чырмаш Төрөбеков, Курал Чокоев, Темир Назаров жана башка маданият өкүлдөрү, ырчылар жана акындардын катышуусу менен автордук укук тууралуу талкуу жүрдү. Анын алкагында чыгармалардын авторлору өздөрүнүн укуктары корголбой жатканын айтышты.

Композитор Исрадин Аманбаев да бул тууралуу өз оюн айтты.

"Менин ырларымды канчалаган ырчылар ырдап жүрүшөт, жакында эле Роза Шакирова да бир ырымды аткарып чыгыптыр. Бирок автору катары менин атымды атаган эмес. Негизи жакшы ырдаптыр, бирок айрым сөздөрүн өзгөртүп салганына нааразы болдум", - деди ал.

Ошол эле учурда КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова авторлордун укугу корголуп эле жатканын, тескерисинче, аткаруучунун укугун коргоону талап кылуу керектигин айтты.

"Авторлордун укугу корголуп эле жатат. Тескерисинче, аткаруучунун укугун коргоо боюнча ойлонушубуз керек. Мисалы, мен бир ырды автордон сатып алып, концерттерде аткарып жатсам, дагы башка ырчы келип дал эле ошол мен аткарган ырды аткарат. Менимче, бул туура эмес", - деди ал.

Ырчылар автордук укук, жаңы жылдык көгүлтүр от боюнча талкуу жүргүзүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pandora
2017-12-13 01:36:12
автордун созуно кошулам,копчулук аткаруучулар ырдын жана обондун авторлорунун атын жазышпайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан