Сириядагы согушка Кыргыз жарандарын үгүттөөгө шектелген адам кармалды

Сириядагы согушка Кыргыз жарандарын үгүттөөгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1973-жылы туулган А.А. аттуу Кытай жараны кармалган. Ал "2016-жылдан бери Кыргыз жарандарын Сириядагы согушка үгүттөп жүргөн" деп айыпталууда. Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсүнүн жараны Р.Фга таандык жасалма паспорт менен "Бишкек-Стамбул" каттамы боюнча 5 жолу учкан. Азыркы тапта ага кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
islamik
2017-12-12 17:03:30
Террористтерди коп колго тушуро башташты дейм да, же болушу мумкун деп эле урдуруп атабы. Неси болсода тынч болгула
0
stimyl.kg
2017-12-12 17:46:45
Радикализмдин,алдын албасак тиги Сирия сыяктуу жок болуп калышыбыз толук мумкун. Фанаттык муноздогу кимгедир ишенип пир тутуп оз айтканын бербеген жаштарыбыз кун санап кобойуп барат,бул да тероризмдин туптолушу.
+5
TalaCSKA
2017-12-12 21:54:06
Кыйратып билими жок мектепти эптеп септеп бутуп алышып бир ай мечитке барып озун аалым сезип сени татырактап шарияттын жолуна уйроткондор мына ошолор потенциальный радикальный террористер билими жок чала молдолордун башын айлантып журсо керек . негизи эле аяабай катуу чара колдонуп дин жагын иретке келтирбесе орусча айтканда ' на пороховой бочке сидим'
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан