Литванын Вильнюс шаарында 8-10-декабрда өткөн алыш күрөш боюнча Европа кубогунда Кыргыз балбаны Алтынай Мамарасул кызы алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош мамлекеттик университетинин маалымат катчысы Зинагүл Нуралиева билдирди.
Анын айтымында, Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти Алтынай Мамарасул кызы алыш белбоо күрөшү боюнча Европанын кубогуна арналган дүйнөлүк мелдеште 70 килограмм салмак ченинде жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болуп диплом менен сыйланды.
Маалымдай кетсек, Алтынай Мамарасул кызы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын, Түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган.