Бүгүн, 12-декабрда автордук укук тууралуу жүрүп жаткан талкуу учурунда Кыргыздын маданият өкүлдөрү телеканалдар "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" тартуу үчүн алардан акча талап кылганына нааразы болушту. Бул боюнча КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова өз оюн билдирди.
"Телеканалдар жыл бою маданият өкүлдөрүнүн жакшынакай чыгармалары менен көрүүчү топтошот да, Жаңы жылга келгенде аларды жакшы-жаман деп бөлүп, ошого жараша акча талап кылышат. Муну тез арада токтотуу керек", - деди ал.
Анын сөзүн ырчы Роза Шакирова да коштоду.
"Мен 5-6 жылдан бери "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" акча берип тартылып жүрөм. Акчасы берүүнүн убактысына жараша болот. Мисалы, былтыр Азиза, Айнура Салахидинова үчөөбүз бир чыгарманы чогуу аткарганбыз. Аны теледен түнкү саат 12ден 1ге чейинки аралыкта көрсөтүү үчүн 18 миң сом төлөгөнбүз", - деди ал.