Бүгүн, 12-декабрь күнү Бишкекте уурулукка шектелип 22 жаштагы жаран кармалды.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ал бейтааныш адам үйүнө ууруга кирип 340 миң сом өлчөмүндөгү акчасын уурдап кеткендиги тууралуу билдирген.
"Дароо эле Свердлов райондук ИИБинин ыкчам иликтөө тобу уурулукка шектүү 1995-жылы туулган К.у.И. аттуу жаранды кармашкан. Ал өз көрсөтмөсүндө акчаны уурдаганын моюнуна алып Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда уурулукка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.