
Белгилүү орусиялык жана казакстандык ырчы, композитор Мурат Насыров 1969-жылы 13-декабрда Казакстандын Алматы шаарында төрөлгөн. Анын музыкага болгон кызыгуусу 7 жашынан ойгонгон. Гитара чертүүнү үйрөнүп, өзүнө жаккан ырлардын обондорун ойной баштайт. Ошондой эле анын музыкалык шыгы байкалган. Музыкадан тышкары математика, физика сабактарын кызыгуу менен окуганы белгилүү. Мектепти аяктагандан кийин аскерге чакырылат. Аскерден келген соң ырчы чыгармачылыкка жан дили менен берилип, “Москвага барып чыгармачылыгымды улантсам” деген ойго арбалат. Буга ата-энеси каршы чыгат, бирок өзүн сахна адамы катары элестетип алган Мурат эч кандай тоскоолдукка, апасынын ыйлаганына да карабастан 1989-жылы Москвага сапар алган.

Ал аскерде бирге кызмат өтөгөн досу менен “Новый порт” деген рок-тобун түзүп, алгач чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Музыкалык билим керектигин ойлоп, Мурат музыкалык окуу жайга тапшырат. Өзүнөн көп нерсени талап кылган ырчы “Ялта-91” сынагына катышып, баш байгени утуп алат. Ошондон кийин Мураттын чыгармачылыкта жолу ачылат. Көп узабай ал “А-Студио” тобу менен таанышып, ал топ Мурат Насыровго жардам көрсөтөт.
“Мальчик хочет в Тамбов” деген ыры анын атын чыгарат. “Кто-то простит” аталышындагы альбому, “Лия”, "Я - это ты" деген ырлары менен популярдуулукка жетишип, орус шоу дүйнөсүндө өз ордун тапкан. Мурат Насыров чыгармачылык жашоосунда өз тилинде, тагыраак айтканда, уйгур тилинде альбом чыгарууга да жетишкен.
Анын жубайы ырчы Наталья Бойко болгон. Экөө 1999-жылы уйгурлардын салты боюнча никеге турушкан. Түгөйлөрдүн ортосунда 1996-жылы туулган кызы Лия Насырова жана 2000-жылы төрөлгөн уулу Аким Насыров бар.
Ырчы 2007-жылы 19-январдан 20-январга караган түнү 37 жашында Москвадагы 5-кабатта жайгашкан батиринин балконунан кулап түшүп көз жумган. Анын бул кадамынын себеби белгисиз бойдон калган. Кээ бирөөлөр аны депрессиядан улам өзүнүн өмүрүнө кол салган десе, айрымдар ырчынын үйүнө буюртма менен аны өлтүргөнгө бирөө кирген деп айтышат.
13-декабрдын жылнаамасы.