Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы пескоблок чыгарган жайда 37 жаштагы адам станокко кыпчылып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 12-декабрда саат 16:00дөр чамасында Балыкчы шаарынын Прежевальск көчөсүндө жайгашкан пескоблок чыгарган жайда болгон. Анда 37 жаштагы С.К. аттуу адам станокко кыпчылып калып каза болгон. Окуя болгон жерге барган ӨКМнын кызматкерлери каза болгон адамдын жансыз денесин станоктон чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.