Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунун 72-чакырымындагы Бает айылы аркылуу өткөн бөлүгүндө жүк ташыган унаа оодарылып калып айдоочусу оор жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-декабрда таңкы саат 04:12 чамасында Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунун 72-чакырымында Мерседес Гигант үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен.
Натыйжада 30 жаштагы айдоочусу А.А.Э. оор жаракат алып, аны кырсык болгон жерден "Тез жардам" унаасы алып кеткен.