Бүгүн, 13-декабрда хоккей боюнча жаштар арасында (U-20) Кыргыз курама командасы Малайзияда өтүп жаткан Азия кубогунда алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынан билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мелдеште 5 курама команда атаандашууда, алар Кыргыз өлкөсү, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Филиппин, Индия жана Малайзия. Кыргыз курама командасы башкы машыктыруучу Даниил Шушенковдун башкаруусунда мелдешке катышууда. Кыргыз хоккейчилер алгачкы беттеште Филиппин курамасы менен кез келет. Беттештин башталуусу Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө.
Айта кетсек, Даниил Шушенков Кыргыз командасынын курамына 20 жашка чейинки 20 хоккейчи чакырган.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Дарбазачылар: Кадыр Алымбеков, Темир Мухтарбек.
Коргоочулар: Эрназар Исаматов, Тилек Нарынбеков, Ислам Кылычбек уулу, Эрсултан Мирбек уулу, Адил Бекмуратов, Бактияр Тилекматов, Кылымбек Калкабаев, Ерамир Шамырканов, Эдил Өмүрбеков жана Николай Магиев.
Чабуулчулар: Олег Письмаков, Ислам Абдраев, Денис Попов, Азамат Кыргызбаев, Андрей Тришкин, Роман Кулькин, Жанболот Тагаев жана Айнидин Ибраимов.
Башкы машыктыруучу: Даниил Шушенков;
Ага машыктыруучу: Эльзар Болотбеков.