Орусияда Кыргыз жаранынын наристеси тумчуктуруудан улам каза болгону айтылды

Кечээ, 12-декабрда болжол менен саат 15:30дар чамасында Санкт-Петербургдун Отважный көчөсүнүн 4-үйүнүн батиринде наристенин жансыз денеси табылганын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Бул маалыматты ЖМКларга Санкт-Петербург шаардык ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери билдиришкен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө эмчектеги наристе тумчуктурулгандыгы белгилүү болуп, жансыз дене өлүкканага жеткирилген.

Белгилүү болгондой, наристенин ата-энеси Кыргыз өлкөсүнүн жарандары экени аныкталган. Атасы 23 жашта, ал эми апасы 24 жашта болгон. Алар жашаган жеринде тизмеде жок болуп эч жерде иштебегендиктери айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aseras
2017-12-13 14:58:33
Эй Аллахым баарыбызга ыйман бер.Эмизип жатып тумчуктуруп алган окшойт,же атайындап кылды бекен?((Ширин наристе бей куноо кетти
+4
Nurkul
2017-12-13 15:11:49
Анан бул жака жазганым себеби ошол маалыматтын астына коментарий калтыра албайт экенмин
-1
gumigumi1990
2017-12-13 15:47:05
Ушундай наристелер жонундо сукк кабар окусам журогум ооруйт.
+2
Sezim.A
2017-12-13 16:44:49
Кээде эмизип жатып козубуз илинип кетет эмеспи ,балким бул келин да ошондой болгондур?!
+1
arzygulR
2017-12-13 19:56:21
Кокустан болсо ошентип таштап кетеби((
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан