Бир нече мүнөттөрдөн соң канчалаган хит ырлардын автору, чыгармалары кыргыз элинде эле эмес, боордош казак бир туугандардын арасында да популярдуулукка ээ болгон эстрада жылдызы Ильяз Абдыразаковдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Ушул жылдын 20-ноябрында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан маданиятка кошкон салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланган ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу же ал тууралуу сизди көптөн бери кызыктырган суроолоруңуз болсо узатып, түз эфир аркылуу жооп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.
15:10 Ырчы Ильяз Абдыразаковдун түз эфирдеги маеги башталды, ырчы алып баруучунун "Ойготкуч суроолоруна" жооп берүүдө.
15:16 "Ушул кезге чейин бир топ эле ыр жараттым. Баарынын тең сөзү, обонун жатка билем. Ыр жазганда алгач тааныштарыма угузуп көрөм. Аларга жакканда гана теле-радиолорго берем", - дейт ырчы.
15:18 Суроо: "Сенин көзүң башкача" деген ырың бирөөгө арнап жазылгандай. Сыр болбосо кимге арналат?
"Чынында эч кимге деле арнаган эмесмин. Болгону обонуна ушундай сөздөр төп келип калган", - деп жооп берген ырчы аталган ырды жандуу үн менен аткарып берди.
15:21 Окурмандын "Сөз байлыгың кенен эле го, эмнеге абдан аз сүйлөйсүң?" деген суроосуна, "Негизи тамаша аралаштырып жакшы эле сүйлөйм. Болгону интервьюга келгенде туура эмес сүйлөп албайын деп ойлонуп сүйлөөгө аракет кылам", - деп жооп берди.
15:23 "Мүнөзүм өтө деле жумшак эмес. Өзүмө жакпаган нерсе болсо катуу айта алам", - дейт ырчы.
15:27 "Жубайым балдар менен үйдө. Иштегенге эмес, балдарды караганга убактысы араң жетет. Үйдө балдарым, жубайым баары орус тилинде сүйлөйт, мен эле кыргыз тилдүүмүн", - дейт ырчы.
15:30 "Ырчылык кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Анткени өзүмдү кеңседе отуруп алып иштеген кызматкер катары элестете албайм", - дейт ырчы.
15:31 Окурмандын "сахнада жүрүп кандай материалдык байлык топтой алдыңыз?" деген суроосуна, "Ата-энем, күйөрмандарым менин баа жеткис байлыктарым. Материалдык байлыктарым - бир топ унаа алмаштырдым. Жакында досторум дагы бир унаа белек кылганы турушат", - деп жооп берди ырчы.
15:35 Ырчы жандуу үн менен "Жамийла" ырын аткарууда.
15:38 Суроо: Жубайың "келе кал" деп чакырса, чуркап жетип барасыңбы?
"Биз көп сүйлөшпөй эле үйлөнүп алганбыз. Азыр бири-бирибизди абдан жакшы билип калдык. Өз жумуштарым менен жүрө берем, тынчымды алып жөнү жок чакыра бербейт. Бири-бирибизге ишенебиз", - дейт ырчы.
15:43 Суроо: Ырларыңызды казактар көп аткарышат. Эң кымбаты канчага сатылган?
"Бир кезде казак ырчылары менен тыгыз байланышта иштегем. Мындан улам аларга саткан эмесмин. Болгону автордук укугумду сактагыла деп айткам", - дейт ырчы.
15:45 Окурмандын "Жубайыңыз абдан орой, интернеттен жазгандарга да абдан орой жооп берет. Бир аз жөнөкөй бол деп айтып коюңузчу" деген өтүнүчүнө "Эми ар кандай учур болуп калышы мүмкүн, макул айтып коёюн", - деп жооп берди.
15:50 Ильяз Абдыразаков "Азап" ырын жандуу үн менен аткарууда.
15:54 Суроо: Келинчегиңиз менен апаңыздын мамилеси кандай?
"Абдан сонун. Ата-энем Ошто турушат. Бишкекте үй-бүлөм анан, иним Нияз болуп чогуу жашайбыз. Ата-энем менен ар кандай майрамдарда чогулуп турабыз", - деди ырчы.
15:57 "Мен жазган ырлар хит болсо кубанам. Азыр кандай ырлар хит болорун билбей жатам. Тагыраагы элдин талабын таппай жүрөм. Мурда абдан популярдуу болуп кеткенде ар кандай чакыруулар менен жүрүп, күнүбүз жолдо эле өтүп калган. Ошондо атактуулуктан тажап, атымды, атагымды "өчүргүм" келген. Анда жаш болчу экенмин", - дейт ырчы.
16:03 "Менин "Жаным ай" деген ырымды бир канча мамлекеттер өз тилине которуп ырдашыптыр. Абдан кубангам, бул мен үчүн чоң ийгилик", - дейт ырчы.
16:07 Ырчы окурмандын суроосу боюнча "Коштошуу" ырын аткарып берди.
16:10 Ильяз Абдыразаковдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.