Валентина Шевченконун UFC уюмундагы жаңы салмак категориясында атаандашы аныкталды

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмундагы жаңы салмак категориясында атаандашы аныкталды.

2018-жылдын 3-февралында өтө турган "UFC Fight Night 125" мелдешиндеги 56 килограммга чейинки жаңы салмак категорияда Валентина Шевченко бразилиялык Присцилла Качоейра менен кез келет.

Буга чейин Валентина Шевченко 61 килограммга чейинки салмак ченинде мушташкан, анда 5 беттеш өткөрүп 3 жолу жеңишке жетсе 2 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Айта кетсек, Валентина Шевченко жеңилүү ызасын тарткан 2 беттеште Аманда Нуньес менен күч сынашкан. Бул беттештен кийин мушкер бөлөк салмак категорияга өтүү чечимин чыгаргандыгын айткан.

Ал эми Присцилла Качоейра UFC уюмунда алгачкы беттешин өткөрөт. Жалпы профессионалдык карьерасында 8 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Janym_ata_enem
2017-12-13 17:31:25
Ийгилик каалайбыз мекендешибизге
+2
Too-tash
2017-12-13 18:06:04
Нунестен женилгени жакшы болбоду да...
0
Isco23
2017-12-13 19:29:35
Пырпыратса кк
0
Amanov
2017-12-15 00:03:15
Нунести у уту эле XXXX тартып койду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан