Жактоочу соттон Алмамбет Шыкмаматовду толук актоону өтүндү

Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө тараптардын жарыш сөзү орун алып жактоочу Чынара Жакупбекова прокурорлордун Шыкмаматовго койгон айыптоосунда далилдер аз экенин, алар да бири-бирине каршы келерин айтты. Ага байланыштуу Шыкмаматовдун ишинде кылмыштын курамы жок экенин белгилеп, аны толук актоону соттон өтүндү.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар отурумда өз далилдерин келтиришип, Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүүнү соттон өтүнүшкөн болчу.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан