14-декабрда эркин күрөш боюнча Өлкө кубогу старт алат

14-декабрда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) эркин күрөш боюнча Өлкө кубогу старт алат.

Анда Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагынан келген спортчулар 3 салмак категорияда күч сынашат. Алар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 килограммга чейинки салмак категориялары.

Эркин күрөш боюнча мелдеш 14-15-декабрь аралыгында өтсө, грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 22-23-декабрда өтөт.

Мелдештердин убактысы

Эркин күрөш боюнча:

14-декабрь, саат 10:00: 57, 65, 74, 86 жана 97 килограммга чейинки салмак категориялары;

15-декабрь, саат 10:00: 61, 70, 79, 92 жана 125 килограммга чейинки салмак категориялары.

Грек-рим күрөшү боюнча:

22-декабрь, саат 10:00: 55, 63, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак категориялары;

23-декабрь, саат 10:00: 60, 67, 77, 87 жана 130 килограммга чейинки салмак категориялары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан