Жумгалда күйөөсүн бычактап өлтүрүүгө шектелип аял кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-декабрда укук коргоо кызматкерлери тастыкташты.
"8-декабрь күнү эртең менен саат 08:00 чамасында Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барып, үйдүн ашканасынан эркек адамдын жансыз денесин табышкан. Маркум ошол эле үйдүн 34 жаштагы ээси болгон. Бул кылмыш иши боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анда 7-декабрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында үй ээси жубайы менен уруша кетип, ал жолдошун сол жак тарабына бычак менен сайып жибергендиги маалым болду", - деп билдирет РИИБинен.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.