Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө тараптардын жарыш сөздөрү айтылууда. Анда айыпталуучулардын бири Али Люкселдин жактоочусу аны Шыкмаматов жана Жусуп Иманалиев күнөөлөнүп жаткан ишке алгач күбө катары чакырышып кийин айыпталуучуга айлантышканын, ал да мыйзам бузуу аркылуу жүргөнүн белгиледи. Ал Али Люкселге кылмыш иши козголбогондугун, кылмыш иши козголбой туруп ал айыпталып жаткан ишти прокурорлор кантип иликтеп бүтүшкөнүнө таң калып жатканын айтты. Андан сырткары жактоочу Али Люксел айыпталып жаткан иште аталып жаткан "Барат Люкс" ишканасынын юридикалык жактан ага эч кандай тиешеси жок экенин, аны кылмыш ишин козгобой туруп айыптоо, тергөө иштерин жүргүзүү жана сотто мыйзам бузуу экенин айтты.
Айта кетсек, буга чейин прокурорлор Алмамбет Шыкмаматовду 8 жылга Жусуп Иманалиевди 9 жылга Али Люкселди 8 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.