Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө тараптардын жарыш сөзү орун алууда. Жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочулар жактоочулар өз далилдерин келтирип сотко өтүнүчтөрүн беришти. Учурда айыпталуучулардан биринчи болуп сөз сүйлөгөн Шыкмаматов ага коюлуп жаткан айып тууралуу пикирин айтып көз карашын билдирүүдө.