Шыкмаматов: "Мени 3 миң доллар пайда көрүү үчүн кылмыштуу топ уюштурду дегендин өзү абсурд"

Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Анын жүрүшүндө тараптардын жарыш сөзү орун алууда. Жарыш сөздө сүйлөгөн Шыкмаматов аны үч миң доллар пайда көрүү үчүн бир нече адамды көндүрүп кылмыштуу топ уюштурду деген прокурорлордун сөзү чындыкка дал келбестигин айтты.

"Мени прокурорлор адамдарды чогултуп топ түзүп унаасын сатып 3 миң доллар пайда көрдү деп жатышат. 3 миң доллар үчүн өмүрү көрбөгөн Али Люксту, юридика тармагын беш колундай билген Жусуп Иманалиевди көндүрүп, мыйзам бузуп пайда көргүдөй мага эмне күч келди. Ал акча үчүн мынчалык тобокелге барбоо керектигине менин башым толук жетмек. Бул кылмыш иши, прокурорлордун айтканы толук абсурд", - деди Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2017-12-13 18:56:20
3 мин доллар эмес кептин тубу, башка партияда болгондо. КСДПга бирооно козголдубу же камалдыбы 2010ж бери?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан