Таласта дагы бир окуучу кыз өз жанын кыйды

Талас облусунун Кара-Буура районунда 9-класста окуган кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү саат 16:30 чамасында каза болгон кыздын сөөгү табылганын укук коргоо органдарына Ж.Субанбеков атындагы орто мектептин директору маалымдаган. "Окуучу кыз ал күнү мектепке келген эмес. Ата-энеси Казакстанда турушат, ал таенеси менен жашачу. Кыздын денесин текшерүүгө алганда, ага карата күч колдонулганы аныкталган жок. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - дешти милициядан.

Айта кетсек, буга чейин 11-декабрь күнү Талас районунда 16 жаштагы окуучу кыз асынып каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Karban86
2017-12-13 23:13:10
Тообо эмне эле болуп атат жаштарга. Бейишин берсин, куноолорун озун кечир э Жараткан.
+4
dinaprinsessa1992
2017-12-13 23:38:18
Опасный возраст бул убак. Балдарга жакшы кеңештерди берип абайлап мамиле жасай турган мезгил.
+11
kansulu
2017-12-14 03:33:44
Балдар ата энеси менен бирге болсо балким мындайлар азаймак
+3
Usow
2017-12-14 07:21:34
Аллах озу сактасын эмне эле болуп баратат
0
aseras
2017-12-14 10:29:49
Мугалимдер басмырлаган жана да кемсинткен деп жатышат го.Кечээ ХХХХ каналынан кордум эле
0
Nukeww
2017-12-14 13:25:59
aseras, ал башка кыз. тоже 9класс
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан