Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып, анын жүрүшүндө тараптардын жарыш сөзү орун алды. Жарыш сөз учурунда Али Люкселдин котормочусу суу ичем деп соттун айтканына карабай чыгып кетти. Сот анын бул аракетине эскертүү чаралары көрүлүшү керектигин айтып, отурумду 18-декабрга жылдырды.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар отурумда өз далилдерин келтиришип, Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүүнү соттон өтүнүшкөн болчу.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.