Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту И.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын аппарат башчысы Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнө себепкер деп айыпталып жатышкан УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери боюнча чечим чыгарды.
Ага ылайык, айыпталуучулар Алмаз Мусаев, Чыңгыз Айманбаев жана Замирбек Суваналиев толук акталды. Каза болгон Гапаровдун жакындары соттун чечимине нааразы болуп, "Уяты жок сот" деп кыйкырышты.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын февраль айында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жатып кармалып, ошол учурда анын жүрөгү кармап каза тапкан. Бул боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Замир Суваналиевге “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Алмаз Мусаевге жана Чыңгыз Айманбаевге “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.