Кыргыз хоккейчилер Азия кубогунда алгачкы жеңишти багындырды

Кечээ, 13-декабрда хоккей боюнча жаштар арасында (U-20) Кыргыз курама командасы Малайзияда өтүп жаткан Азия кубогунда алгачкы беттешин өткөрүп атаандашын жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасы Филиппин курамасы менен беттешип 12:4 эсеби менен жеңип алды. Беттештин 5-мүнөтүндө Кыргыз хоккейчилери алгачкылардан болуп шайбаны атаандашынын дарбазасына киргизишти. 1-тайм Кыргыз курамасын жеңиши менен 4:2 эсебинде аяктады. 2-таймды Кыргыз хоккейчилер 5:1 эсеби менен жеңсе, 3-таймды 3:1 эсеби менен жеңди. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз курамасы 12:4 эсеби менен жеңишке жетишкен.

Айта кетсек, аталган мелдеште 5 курама команда атаандашууда: Кыргыз өлкөсү, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Филиппин, Индия жана Малайзия. Кыргыз курама командасы башкы машыктыруучу Даниил Шушенковдун башкаруусунда мелдешке катышууда. Кыргыз хоккейчилер бүгүн, 14-декабрда БАЭ курамасы менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kattaldym
2017-12-14 09:51:37
Азаматтар, опколорун узгуло ошентип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан