Жаш алып баруучу, журналист Канышай Рысбекова турмуш жолуна аттанды. Белгилүү болгондой, алып баруучунун тандоосу - Нурлан аттуу жигит болгон.
Жубайлар ушул жылдын 30-ноябрында баш кошуп, 1-декабрь күнү мыйзамдуу түрдө никеге турушкан. Ал эми 12-декабрда борбордогу тойканалардын биринен заманбап үйлөнүү тоюн өткөрүштү.
Үлпөт тойго алып баруучунун жакындары, курбулары, кесиптештери жана белгилүү эстрада жылдыздары чакырылган.