Хоккей боюнча Азия кубогу: Бүгүн Кыргыз хоккейчилери БАЭнин курамы менен беттешет

Малайзияда өтүп жаткан хоккей боюнча жаштар арасында (U-20) Азия кубогунда бүгүн, 14-декабрда Кыргыз курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыктыруучу Даниил Шушенковдун жетекчилиги алдында кеткен Кыргыз курама командасы Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө атаандашы болгон БАЭнин хоккейчилери менен кез келет. Буга чейин эки өлкөнүн спортчулары бир гана жолу 2011-жылы Астанада өткөн кышкы Азия оюндарында беттешип Кыргыз курама командасы 14:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасы Филиппин курамасы менен беттешип 12:4 эсеби менен жеңип алган.

Биринчи турдун жыйынтыгы менен БАЭ, Малайзия, Кыргыз өлкөсүнүн командалары алдыга озуп чыккан. Алардын эсебинде азыр 3төн упай бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TalaCSKA
2017-12-14 10:58:10
20дан коп шайба киргизиш керек !!!
-1
bayanis
2017-12-14 11:49:03
Азаматтар силерге ийгилик! Шотту карап кой 14 ,12 10дун устундо журушот, мындайды коргон Канада Акш кучтуу ойунчулар журогу тушуп калатго. Дуйно элдери эн кучтуу хоккейчилери кайда десе Кыргызстанда дейтурган болсун.
-3
adjo_krsu
2017-12-14 13:33:38
bayanis, Бул НХЛ же КХЛ эмес да тууганым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан