
2017-жылдын 11 айында өлкөдө жол кырсыгынан 820 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда ички иштер министри
Улан Исраилов жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 11 айда 5 852 жол кырсыгы катталып, натыйжада 820 адам каза болуп, 8 934 адам жаракат алган. Ал эми балдар катышкан 1 326 жол кырсыгы катталып, 94 бала каза болуп, 1 900 жашы жете элек бала жаракат алган.
Ошондой эле министр жол кырсыктарына айдоочулардын тез ылдамдыкта айдоосу жана карама-каршы тилкелерге чыгып айдап жатышканы көп себеп болуп жатканын кошумчалады.