8 жылга эркинен ажыратылган саясатчы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылат. Бул тууралуу 14-декабрда SUPER.KG'ге юрист Таалайгүл Токтакунова билдирди. Юрист эл аралык уюмдарга кайрылуудан жыйынтык чыгат деп ишенет.
"Бул бизге маанилүү. Текебаев менен Чотоновго карата өкүм мыйзам бузуулар менен кабыл алынганы тастыкталса, бул иш саясий буйрук экени дүйнө жүзүнө белгилүү болот. Жоопсуз калбайт. Ал эми биздин бийлик ал чечимди кандай карай турганын убакыт көрсөтөт. Бирок мен президент Сооронбай Жээнбековдун реалдуу бийлик жүргүзөрүнө жана эл аралык келишимдерге, эл аралык соттун чечимдерине көз жумбасына ишенем", - деди Токтакунова.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда Текебаев менен Чотонов камакка алынган.
16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.