Бишкекте мас абалында жолдун четинде турган унааларды сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте мас абалында жолдун четинде турган унааларды сүзүп, унаасын таштап качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кечээ, 13-декабрда саат 23:20лар чамасында Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түштүктөн түндүктү карай бара жаткан Ford үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны сүзгөн, ал алдында турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.

Күбөлөрдүн айтымында, анын ичинде мас абалындагы кыздар жана бир эркек адам бар экен. Алар унааны кимиси айдап келгенин көрүшбөптүр. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери келгенче жол кырсыгына себепкер болгон унаадагылар унаасын таштап кетип калышыптыр. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат, 3 унаа тең айып аянтчасына коюлду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, ага чейин окурман окуя болгон жерден тартылган видеону жүктөгөн.

Мас абалындагы айдоочу кыздар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kattaldym
2017-12-14 16:52:08
корушпоптур
0
RusMos76
2017-12-14 19:18:54
Уят эле кыздар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан