Баткен облустук музыкалык драма театрынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын сентябрь айында А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрдын директорунун буйругу менен С.Р. аттуу жаран эсепчи катары жумушка алынып, 2016-жылдын июнь айына чейин иштеген. Бирок чынында ал жаран 2013-жылдын октябрь айынан 2016-жылдын ноябрь айына чейин келишимдик негизде аскер кызматын өтөп, кошумча эч жерде иштеген эмес.
Ал эми аталган театрдын кызмат адамдары 2014-жылдан 2016-жылга чейин С.Рга берилүүчү эмгек акыны өздөрү алып турушкан. Андан сырткары 2016-2017-жылдары 2 миллион 285 миң сомдук сый акы жана материалдык жардам театрдын кызматкерлерине мыйзамсыз берилген.
Азыркы тапта жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.