Чүйдө 17 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип, сегиз адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-декабрда Токмок шаарынын 38 жаштагы тургуну 17 жаштагы О.Н. аттуу баласы дайынсыз болуп жатканын айтып Кемин РИИБине кайрылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, анын жоголуусуна тиешеси бар делинип, 17 жаштагы жаран кармалган. Ал дайынсыз болуп жаткан адамды өлтүрүп коюшканын моюнуна алып, анын жансыз денеси жаткан жерди көрсөтүп берген.
Кийин аталган кылмышка тиешеси бар делинип, дагы 7 адам кармалган. Алардын экөөсү 18 жашта болсо, бирөөсү 16, бешөөсү 17 жашта.