Малайзияда өтүп жаткан хоккей боюнча жаштар арасында (U-20) Азия кубогунда Кыргыз хоккейчилери Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасын 10:2 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынан билдиришти.
Бүгүн, 14-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталган экинчи турдун алкагындагы оюнунда Кыргыз курамасы БАЭнин хоккейчилерин жеңип алышкан.
Эсеп оюндун 15-мүнөтүндө ачылып алгачкы шайбаны Кылымбек Калкабаев киргизген. Оюнда эң көп гол киргизип жана мыкты оюн көрсөткөн Эрсултан Мирбек уулу жана Андрей Тришкин болгон.
Гол киргизгендер:
15:02 Мохамед Алмехайрби 1:1
16:07 Мохамед Алмехайрби 2:1
18:14 Эрамир Шамырканов 2:2
19:33 Андрей Тришкин 2:3
24:05 Андрей Тришкин 2:4
25:38 Жанболот Тагаев 2:5
31:35 Андрей Тришкин 2:6
39:02 Эрсултан Мирбек уулу 2:7
41:26 Андрей Тришкин 2:8
44:54 Эрсултан Мирбек уулу 2:9
54:26 Эрсултан Мирбек уулу 2:10