Кыргыз-казак чек арасында маңзат менен кармалган Башкы штабдын подполковнигине сот өкүмү чыкты

Кыргыз-казак чек арасында маңзат менен кармалган Кыргыз өлкөсүнүн Башкы штабынын подполковнигине сот өкүмү чыкканын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, тиешелүү өкүмдү Казакстандын Кордай райондук соту чыгарган. Ага ылайык, У.А аттуу Башкы штабдын кызматкери жарым жылга эркинен ажыратылган.

Башкы штабдын басма сөз кызматына кайрылганыбызда, азырынча аларда эч кандай расмий маалымат жок экенин билдиришти.

Айта кетсек, ушул жылдын 15-октябрь күнү Башкы штабдын кызматкери У.А кыргыз-казак чек арасынан 1,5 грамм гашиш менен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Artur555
2017-12-14 19:45:47
Мынча аз? Жонокой карапайым киши болсо 6, 8 жылга камайт болчу...
-3
Paolo
2017-12-14 21:20:58
Artur555,сиз окудунузбу озу?
0
Artur555
2017-12-15 11:52:12
Paolo,жарым жылга эркинен ажыратылган деп жазылып турат
0
RusMos76
2017-12-15 11:33:43
Кантип соттоду болу экен гашиш менен кармалса жарым жыл туура эмес го, бул да болсо саясат!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан