Ноокатта 13 жашар кыз каналга түшүп каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Төөлөс айылында 13-декабрь күнү 2004-жылкы кыз окуудан белгисиз себептер менен 4-саат бүткөндө чыгып кетип капысынан каналга кулап каза болгон. Учурда кыздын өлүмүнүн келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти аталган кызматтан.