Ноокат районунда май куюучу жайлардын бири каракталды. Кылмышкерлер кассадагы 150 миң сомду алып кетишкен

Ноокат районунда май куюучу жайлардын бири каракталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 13-декабрдан 14-декабрга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Анда эки белгисиз, маскачан адам май куюучу жайлардын бирине кирип, кызматкерлерди коркутуп, кассадагы 150 миң сомду алып кетишкен.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлер изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Eli.91
2017-12-14 20:08:31
Кудай сактасын,аман эле более Ноокатым.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-15 00:46:20
Кинодон корчу элем мындайларды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан