Эркин күрөш боюнча Өлкө кубогунун алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды

Кечээ, 14-декабрда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) эркин күрөш боюнча Өлкө кубогу старт алды. Анда мелдештин алгачкы күнү балбандар 5 салмак категориясында күч сынашып жеңүүчүлөрдү аныктады.

Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагынан келген спортчулар мелдештин биринчи күнү 57, 65, 74, 86 жана 97 килограммга чейинки салмак категорияларында беттешти.

Бүгүн, 15-декабрда балбандар 61, 70, 79, 92 жана 125 килограммга чейинки салмак категорияларында кубок үчүн күч сынашмакчы.

Алгачкы күндүн жеңүүчүлөрү:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Алмаз Сманбеков;

2-орун: Бекболот Мырзаназар уулу;

3-орун: Кубанычбек Таштанбеков;

3-орун: Бексултан Абдынасыр уулу.

65 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Эрназар Акматалиев;

2-орун: Тилек Шаршеев;

3-орун: Нургазы Абдуразаков;

3-орун: Адылбек Мойдунов.

74 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Муслим Евлоев;

2-орун: Айбек Насиров;

3-орун: Саид Хасан Демильханво;

3-орун: Нуртилек Карыпбаев.

86 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Динисламбек Таалайбек уулу;

2-орун: Айбек Темишов;

3-орун: Бекбол Жапаралиев;

3-орун: Сымбат Сулайманов.

97 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Айбек Усупов;

2-орун: Абдулазиз Абитов;

3-орун: Фархад Икрамов;

3-орун: Арзубек Карыбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан