Бишкек шаардык драма театрында 20-29-декабрда Андрей Аверьяновдун чыгармасынын негизинде коюлган "Чиполлино" спектаклинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спектаклде башкы каармандын образын жараткан Чиполлино аттуу бала бай адамдардын кембагалдарга кылган адилетсиз мамилесине каршы күрөшкөнүн чагылдырып берген.
"Жомок азыркы балдарга акыл-насаат берип, туура жолго салат. Ар бир көрүүчү ушул спектаклди көргөндөн кийин өзүнүн жашоосу, кылган кадамдары тууралуу ойлонуп чыкса максатыбызга жеткенибиз болуп саналат", - деп билдиришти.
Спектакль саат 11:00дө башталат.